Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Москвада эки тажикстандыктын кескиленип өлтүрүлгөн денеси табылды


Бүгүн, 12-октябрь таң эрте орус полициясы Москванын түштүк-батыш ыптасындагы Миклухо-Маклай көчөсүндөгү токойлуу тилкеден кескиленип өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн тапты. Андан арыраак жерден моюнуна бычак жеп өлгөн дагы бир кишинин сөөгү табылган.

Бул тууралуу lifennews.ru маалымат сайты кабарлоодо. Маалыматка караганда, аларды белгисиз бир нече адамдан турган топ өлтүргөн болушу мүмкүн. Маалымат сайты өлтүрүлгөн экөө тең Тажикстандын жарандары деп бышыктоодо.

Учурда полиция бул оор кылмышка шектүү деп эки эркек жана бир кызга издөө салды.

XS
SM
MD
LG