Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Иран: кыйраган учактан жети киши көз жумду


Ирандын түштүк-чыгышында кырсыкка учураган учактан жогорку даражадагы жети полиция кызматкери набыт кеткени айтылууда.

Алар Тегерандан Систан-Белужистан аймагынын борбору Захеданга иликтөө ишин жүргүзүү үчүн сапар алышкан. Бул аймакта 8-октябрда радикал согушкерлер Ирандын коопсуздук күчтөрүнө кол салышып, анда беш адам көз жумган.

Учактын калдыктары жекшембинин таңында тоолуу райондордун биринде табылды.

Чек ара полициясынын командиринин айтымында, учак ракета же башка бир курал менен атып түшүрүлгөн эмес.

Суннилер басымдуулук кылган Систан-Белужистан провинциясы Пакистан менен Ооганстанга чек аралаш болгондуктан бул жерде маң заттары менен аткезчилик кылган кылмыштуу топтор жана сунни экстремисттери менен полиция көп кагылышып турат.

XS
SM
MD
LG