Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргызстанда XIX Эл аралык астрономия боюнча олимпиада башталат


Бүгүн баштала турган олимпиадага Тайланд, Болгария, Армения, Чехия, Пакистан, Швеция өңдүү 20дан ашуун өлкөдөн окуучулар катышат. Олимпиаданын соңунда кийинки олимпиада өтчү өлкө тандалып алынат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын программасы боюнча катышуучулар билим деңгээлин сынашкандан тышкары Бишкектеги жана Чолпон-Атадагы музейлерге барышат, “Рух Ордо” этникалык комплексинде болуп, Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, кыргыздардын каада-салты жана улуттук тамак-ашы менен таанышат.

Ысык-Көл облусунда өтчү олимпиада 21-октябрга чейин созулат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG