Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Бишкекте “Таза колдор” жылдык акциясы башталат


4 күнгө созулчу акция Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнө арналат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Жаштар арасында маалымат-билим берүүчү иш-чаралардан тышкары, балдарга колдорду жуугандын эрежелери боюнча окуулар өтүлөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду 15-октябрды Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнү деп жарыялап, бул күн 2008-жылдан бери белгиленип келатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG