Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Тез жардам машинесин сатып алууга тендер жыйынтыкталат


Саламаттык сактоо департаментинен кабарлашкандай, жалпысынан Жапониядан чыккан 5 машине сатып алуу пландалууда. Бул үчүн бюджеттен 14,3 млн. сом бөлүнгөн.

Буга чейин 13 тез жардам машинесин сатып алууга тендер үч жолу жарыяланган, бирок табыштаманы бир гана катышуучу бергендиктен өтпөй калган.

Учурда Бишкек тургундарын болгону 35 гана тез жардам унаасы тейлейт. 1,5 миллионго жакын шаардыктарды тез жардам менен камсыз кылуу үчүн дагы 80 унаа талап кылынат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG