Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Түштүк аймактардагы төрөт үйүнүн дарыгерлери окуудан өтөт


Бүгүн энелердин жана балдардын өлүмдөрүн болтурбоо боюнча түштүк аймактардагы төрөт үйлөрүнүн адистери үчүн эл аралык тренерлер семинар өткөрүшөт.

Беш күнгө созулчу семинарды Литвадан келген тренерлер өткөрөт. Ага Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулган анестезиологдор жана реаниматологдор катышат.

Бишкек шаардык перинаталдык борбордун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Динара Мамбеталиеванын айтымында, Ош облусунда жана алыскы аймактарда энелердин өлүмү салыштырмалуу көп катталгандыктан дал ушул аймактар тандалып алынды. Буга социалдык-экономикалык фактор, аталган аймактардагы жашоо деңгээли таасирин тийгизүүдө.

Дарыгердин белгилешинче, кош бойлуу аялдар арасында аз кандуулардын саны жогору болуп жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG