Долбоорду Президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин эксперттик жумушчу тобу иштеп чыкты. Эксперттер өлкөнүн ченемдик-укуктук актыларына, Кылмыш жана Жарандык кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат. Ага ылайык, карызы же мүлктүк милдеттенмелери барлар чет өлкөгө чыга албай калат.
Эксперттердин айтымында, мындай тыюу салуу жемишин берерин Орусиянын мисалы көрсөтүп жатат. 2013-жылы Орусияда карызынан улам чет өлкөгө чыга албай калгандардан 8 миллиард рубль чогултулган. (ZMa)