Өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторлугуна Наргиза Мансурова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Гезиттин мурдагы редактору Манас Осмонов өткөн аптада кызматтан алынган. Ал гезитти 2010-жылдан бери жетектеп келген. Осмонов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун жакын тууганы катары да белгилүү болчу.(BkA)