Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:14

Санариптик телекөрсөтүү үчүн социалдык пакет аныкталды


Кыргызстанда санариптик берүүгө өткөндө бекер таратылчу социалдык пакет аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган социалдык пакетке сегиз орун бөлүнгөн. Алардын ичинен Коомдук телеканал жана анын тармактык каналдары үчүн төрт орун, ал эми ЭлТР, 5-канал, Пирамидага бирден орун берилсе, дагы бир орунду облустук телестудиялар алат. Аталган каналдар санарипке өткөн соң өлкөнүн бардык аймактарында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Темирбекова кошумчалагандай, “соцпакетке” кошулган каналдардын ар бирине бюджеттен 10 миллион сомдон бөлүнүп берилет. Алар бул каражатка санарипке керектүү жабдыктарды сатып алышы керек.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон.

Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG