Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:30

Парламент комитети “Ак-Кеме” боюнча доонун төлөнүшүн иликтөөнү сунуштады


Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү комитети “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча 11 миллион доллар доону төлөөнүн мыйзамдуулугун иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды. Комитет мүчөлөрү бул боюнча тактай турчу бир нече маселе бар экенин айтып, укуктук баа берүү керектигин билдиришти.

Буга чейин кыргыз өкмөтү түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясына 11 млн. доллар төлөп бергени тууралуу кабар тараган. Түрк компаниясы кыргыз өкмөтү менен “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп, 11 млн. долларга утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG