Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Гонконг: полиция тосмолорду ала баштады


Гонкогдун полициясы демократияны талап кылып демонстрацияга чыккандар койгон тосмолорду бүгүн ала баштады. Гонконгдо мамлекеттик кызматчылар ишке чыга алышы үчүн демонстранттар администрациянын алдында орноткон тосмолорду алууга өткөн апта соңунда макул болушкан.

Демонстранттар сентябрдын этегинен бери саясий реформаларды талап кылып, массалык митингдерди өткөрүп келатышат. Демонстрацияга чыккан он миңдеген жарандар Бээжинди 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыпташууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG