Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, министрликке талапкерди премьер-министр Жоомарт Оторбаев көрсөтүшү керек. Ал талапкерге фракция мүчөлөрү макулдугун берет же четке кагат.
Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине талапкерди Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. Буга чейин бул кызматка министрдин орун басарлары Касымбек Мамбетов жана Айнура Ибраимова, дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Рустам Курманов, жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, Улуттук госпиталдын башкы урологу Акылбек Усупбаев жана Түркиядагы кардиолог Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү кабарланган.(BkA)