Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Юлия Тимошенко өз партиясын тазалоодо


Украинадагы «Батькивщина» партиясы өлкөдөгү люстрация кампаниясынын алкагында 1,5 миңден ашуун мүчөсүн өз курамынан чыгарды. Партиянын лидери Юлия Тимошенко жергиликтүү телеканалга билдиргенине караганда, депутаттардын 3 жылга жакын убакытта жасаган иши жана мыйзамдарга добуш бергени текшерилген.

"Облустук, райондук жана шаардык кеңештердеги депутаттардын иши текшерилип, айрымдарынын жердин мыйзамсыз берилишине макул болгон, кээ бирлери бюджеттен ири каражат бөлүнчү шектүү долбоорлор үчүн добуш бергени аныкталды" , - дейт партия лидери.

Украина президенти Петро Порошенко өткөн апта соңунда люстрация жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, элдин бийликке ишенимин арттыруу, коррупцияны кыскартуу, башкаруу системасын Европа стандартына туура келтирүү үчүн мамлекеттик кызматкерлер атайын регламенттин негизинде текшерилери айтылган.

Бул мыйзам бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Януковичтин тушунда иштеген жана орусиячыл жикчилдер менен байланышы бар чиновниктерден тазалануу катары да каралууда. Ошондой эле өз киреше булагын ачыктап көрсөтүп бере албаган аткаминерлер дагы он жылга чейин мамлекеттик кызматтарга алынбайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG