Украина президенти Петро Порошенко Коргоо министри Валерий Гелетейдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Порошенко «күч структураларындагы кадрдык өзгөрүүлөр, Чек ара кызматынын жетекчисинин бошотулушу, чалгындоо комитетине Игор Смешконун дайындалышы Украинадагы коргонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп ишенем», - деди.
Коргоо министрлигине талапкер бүгүн көрсөтүлөт. 14-октябрда аны Жогорку Рада карашы керек.
Украинада апрелден берки жаңжалдан 3660 киши каза таап, 9 миңге жакыны жараат алган. Жикчилдердин туткунундагы 1,5 миңдей жаран бошотулган. (КЕ)