Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Быйыл 12 бала чет өлкөлүк жарандарга асыроого берилди


Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бул балдарды асыроо боюнча иштер мурда эле бүткөрүлгөн. Бирок 2012-жылы эл аралык бала асыроого мораторий жарыяланганына байланыштуу токтоп калган. Быйыл бул багытта жаңы жобо ишке кирген соң, Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча чет элдик жарандардын арыздары сотто каралды. Сот бул арыздарды канааттандырган соң аталган балдар чет өлкөлүк жарандарга асыроого берилди.

2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Бала асыроону токтотууга Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер негиз берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG