Техас ооруканасынын кызматкери эбола вирусуна чалдыкканы аныкталды. Саламаттыкты сактоо департаментинин маалымдашынча, ооруну аныктоо боюнча экинчи тест Атлантада жүргүзүлөт. Бул илдеттин очогу саналган Африка өлкөлөрүнө барбай туруп жуктурган АКШдагы биринчи учур болууда. Ушундай эле жагдай Испаниядагы ооруканада катталган. Анда эбола жуккан эки кишини карап жүргөн медайым илдетке чалдыкканы аныкталган.
Буга чейин Техас ооруканасында эболадан дарыланып жаткан бир оорулуу каза болгон эле. Батыш Африкада Либерия, Сьерра-Леоне, Гвинея өлкөлөрүндө жайылган эбола вирусу 4 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.(КЕ)