Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Тамеки тартуунун кесепеттерине арналган талкуу өтөт


Бүгүн Улуттук стратегиялар изилдөөлөр институтунда “Кыргызстандагы тамеки тартуунун масштабы жана кесепеттери” деген аталышта талкуу өтөт. Анда бул багытта жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, сунуштар жана көрүлчү чаралар тууралуу сөз болот.

Талкууга Президенттик аппараттын, өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер, эл аралык уюмдар катышат. Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат.

Кыргызстанда 2006-жылдан бери чылым чеккендердин саны 56 пайызга өскөн. Ал эми тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны акыркы он жылда 25-30 эсеге өскөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG