Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:49

Түндүк Кореянын лидери эл алдына чыкты


Түндүк Кореянын “Родон Синмун” аттуу расмий гезити өлкө лидери Ким Чен Ындын таяк кармап түшкөн бир катар сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдөн кара костюмчан Ким Чен Ын жардамчылары менен кошо жаңы курулган турак жай комплексинин ачылышында жүргөнүн көрүүгө болот.

Дээрлик 40 күнгө дайыны белгисиз болуп, элге чыкпай калганда Түндүк Кореянын лидеринин абалы начар жана өлкөдө саясий өзгөрүүлөр башталат деген кептер тараган.

Өлкөнүн медиа каражаттары 31 жаштагы лидер сыркоолоп калганын гана айтышып, оорусу тууралуу кеңири маалымат беришкен эмес. (ZMa)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG