Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Бишкектеги “Тазалык” ишканасы жоюлат


Бул тууралуу борбордун мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештин жыйынында билдирди. Мэрдин айтымында, бул ишкана учурдагы талапка жооп бербей калды. Ошондуктан, “Тазалыкты” жоюп, анын ордуна Бишкектеги төрт райондо бирден ишкана түзүлөт. Алар өз районундагы тазалык үчүн жооп бермекчи.

Шаардык кеңеш депутаттары мэр Кулматовду “Тазалыктын” ишин жөнгө сала албаганы үчүн сынга алууда. Шаардык кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиевдин айтымында, учурда бул ишкананын карызы 248 миллион сомду түзгөн. Анын көпчүлүк бөлүгү акыркы айларда кошулган.

Шаардык кеңеш депутаттары бүгүнкү сессияда мэрияга караштуу “Жашылдандыруу” мекемесинин ишин да карамакчы.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG