Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Атамбаев: Ыңкылаптарга илимий баа берилиши керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгын белгилөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Совет доорундагы тарыхы гана тереңдеп изилденбесе, эгемендиктен кийинки учур боюнча керектүү илимий эмгектер жазыла элек. Алардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрел ыңкылаптарына илимий негизде баа берилиши зарыл болуп турат деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы окумуштууларды кыргыздардын байыркы доордогу тарыхын да иликтөөгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлгөн. Ал 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG