Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Жерүй кенине сынак уюштуруу боюнча комиссия түзүлдү


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, мекемелер аралык түзүлгөн комиссия бир айдын ичинде сынактын тартибин жана шарттарын иштеп чыгып, өкмөткө сунушташы зарыл.

Өкмөт өткөн жылы Жерүй алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Эксперттер кендин баштапкы баасы үчүн 300 млн. доллардын суралышы жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен.

Таласта жайгашкан бул кен Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени катары эсептелет. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар (BkA)

XS
SM
MD
LG