Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Түрк учактары күрт козголоңчуларынын аймактарын бомбалашты


Түркиянын согуштук учактары 12-октябрда өлкөнүн түштүк-чыгышында күрт козголоңчулары жайгашкан чөлкөмдөрдү бомбалашканы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда. Бүгүн армия билдирүү таратып, аскерлер козголоңчулардын аткылоосуна жооп кайтарышканын айтып чектелди. Өткөн жылы Күрттөрдүн жумушчу партиясы (PKK) ок атышпоо тууралуу жарыялаган. Ошондон бери түрк армиясы күрт козголоңчуларына каршы сокку ура элек болчу.

Жакында Түркиянын бир катар шаарларында күрттөр нааразылык акцияларга чыгып, Анкара өкмөтүнөн “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлерине каршы чара көрүүнү талап кылышкан. Сириянын шаар-кыштактарындагы уруштан качкан он миңдеген күрттөр Түркияга агылууда.

XS
SM
MD
LG