Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Обама эбола кризисин талкуулады


Ак үйдүн маалыматына ылайык, 13-октябрда президент Барак Обама БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун менен эбола кризисин жөнгө салуу аракеттерин күчөтүү тууралуу макулдашышты. Обама ошондой эле Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Африкада вируска чалдыккандарды дарылай турган бейтапканаларды ачуу маселесин талкуулады.

Анын алдында президент Далластагы клиникада жүрүп жаткан иликтөөнүн жүрүшү менен таанышты. Бир нече күн мурун ал жактагы ооруканада эболага чалдыккан бир киши көз жумган.

Ал тапта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола эпидемиясы “дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукка” коркунуч туудуруп жатканын эскертти.

XS
SM
MD
LG