Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Салянова АКШ өкүлү менен Бакиевдин мүлкүн кайтарууну талкуулады


Бүгүн Башкы прокурор Аида Салянова АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Дэниэл Розенблюм менен жолукту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы укуктук кызматташуу, сот реформасы жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча сөз жүрдү. Ошондой эле мурунку президенттин уулу Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен мүлктү кайтаруу жана аны жоопко тартуу маселеси талкууланды.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 2012-жылы күзүндө, АКШнын өтүнүчүнүн негизинде Британиядан кармалган. Кийинчерээк ал бошотулган.

АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарга аралашкан" деп шектелген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG