Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Севастополдо түрк аскерлеринин мүрзөлөрү бүлүндү


Крымдын Севастопол портунда крым согушу маалында курман болгон түрк аскерлеринин мүрзөлөрү бүлүнгөнү тууралуу кабар тарады. Жарым аралдагы азери жамаатынын лидери Раким Кумбатов көрүстөндөрдөгү мусулмандардын жарым ай менен жылдыздары алынып, же сындырылганын айтты.

Vesti.az сайтындагы видеодо 1853-1856-жылдардагы согушта набыт болгон түрк аскерлерине арналган мемориалга кеткен жолдогу белгилердин алынып салганын көрсө болот. Кумбатовдун айтымында, Орусия март айында Крымды аннексиялаганга чейин белгилер менен мүрзөлөр жакшы каралчу.

Жарым аралдын бийлиги вандализм фактысын комментариялаган жок.

XS
SM
MD
LG