Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Энергетика министрлиги жаңы тариф саясатын коомдук талкууга чыгарды


Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына байланышкан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, айына 700 кВт.саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган. Муну менен катар быйыл 17-июнда кабыл алынган тарифтик саясат боюнча токтом да жокко чыгарылды. Анда электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. Бул токтомду 29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту да жокко чыгарган эле.

Президент Алмазбек Атамбаев тарифти көтөрүү чечимин сынга алып, өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG