Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

“Ата Мекен” “Вечерний Бишкек” боюнча билдирүү таратты


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы абал боюнча билдирүү таратты. Анда фракция басылма боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими - бийликтердин сот аркылуу рейдерлик кылуунун мисалы деп атаган. Фракциянын жүйөсүндө, мындай чечимдер сот системасына ишенбөөчүлүк жаратат.

Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Редакциянын жүйөсүндө, Ниязов мурдагы кызматкерлерди чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат. Бирок Ниязов бул айыптарды четке кагып, акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттаган.

Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG