Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Максим Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу суралды


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жана анын өнөктөштөрү Михаил Надел менен Евгений Гуревичтин үстүнөн сот иши бүгүн да уланды. 14-октябрдагы жараянда тараптар жарыш сөзгө чыкты. Мамлекеттик айыптоочу Максим Бакиевди өмүр бою, ал эми Михаил Надел менен Евгений Гуревичти 30 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Алар "Азия универсал банкы" аркылуу Социалдык фондго тиешелүү 2 миллиард сомго жакын каражатты мыйзамсыз алып чыккан деп күнөөлөнүүдө. Бул үчөө каржылык мыйзамды бузган, алдамчылык менен алектенген деген беренелер боюнча айыпталган.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон жана эл аралык издөө жарыяланган. Былтыр март айында сот болуп ал сыртынан 25 жылга кесилген болчу. Ал эми Бакиевдин каржы кеңешчиси Евгений Гуревичке финансылык көз боёмочулук боюнча айып тагылып, 2011-жылы 15 жылга сыртынан кесилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG