Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

"Эркин Европа/Азаттыктын" "Учур" программасы эфирге чыкты


14-октябрдан тарта «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен Америка добушу радиосунун биргелешкен телеберүүсү обого чыга баштады.

«Учур» деген орус тилиндеги жаңылыктар программасы Орусия менен чектеш өлкөлөрдөгү телекөрүүчүлөргө тең салмакталган маалыматтарды тартуулоону көздөйт. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жасаган билдирүүдө белгиленгендей, бул - региондогу байстабилдүүлүккө алып келип жаткан орус маалымат каражаттарынын дезинформациясына альтернатива болмокчу.

30 мүнөттүк түз эфирдеги программага кабарлар, интервью, репортаж жана сатира камтылмакчы. Берүүлөрдү ошондой эле интернет сайттарда, социалдык түйүндөрдө, Ютюбда көрүп турса болот.

2015-жылы программа кеңейтилет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG