Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Симферополдо дагы бир крым татарынын сөөгү табылды


Айрым маалымат каражаттары кабарлашкандай, бир нече күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан крым татарынын сөөгү Симферополдо табылды. Москвачыл Крыминформ агенттигинин сайты Белял Белялов аттуу студент белгисиз бир затты чеккенден кийин өлгөнүн жазат. Дайынсыз болуп жаткан дагы бир крым татары Артем Дайрабеков ошол эле затты тартып, бирок аны догдурлар куткарып калды, – деп ырастайт агенттик. Маркумдун жакындары бул маалыматка комментарий бергенден баш тартышты. Өткөн аптада жакындары бир нече убакыт кабар ала албаган крым татары Эдем Асановдун сөөгү табылган.

Крым татарларынын көбү жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы болуп келген жана акыркы кезде алардын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөгөнү айтылып келет.

XS
SM
MD
LG