Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Өспүрүм кылмышкерлерди коомго кайтаруу жолдору талкууланат


Эл аралык донорлордун катышуусу менен өтө турган семинарда эркинен ажыратылган өспүрүмдөрдүн укуктары, ар кайсы өлкөлөрдүн бул багыттагы реформалары, эрезеге жете элек кылмышкерлер менен иштеген кызматкерлердин кесиптик дарамети талкууга алынат.

Иш-чараны уюштуруп жаткан «Жаштардын укугун коргоо тобу» коомдук бирикмесинин эксперттери жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, бала чагында башынан өткөргөн зордук-зомбулук өспүрүмдү кылмыш жолуна түрткөн негизги себеп болууда.

Семинарга өспүрүмдөр колониясынын, аялдар түрмөсүнүн кызматкерлери да катышат.

Маалыматтарга караганда, жашы жете электердин түрмөсүнө жатып чыккан балдардын 90 пайызы кайра эле кылмыш жасап, абакка барат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG