Бул тууралуу президент Барак Обама 21 өлкөнүн аскерий жетекчилиги менен өткөн кеңешмеде билдирди. Кеңешме “Ислам мамлекети” тобуна каршы стратегияны талкуулоо үчүн уюштурулган.
Өз сөзүндө Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Сириянын Кобани шаарындагы согуштук аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, АКШ абадан сокку ура берерин бышыктады.
Президент Обама согушкерлерге каршы өнөктүк узак мөөнөттүү болушу мүмкүн экенин, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн максаты бул топту бүткүл аймакка жана дүйнөгө коркунуч келтирбей тургандай жок кылуу болгонун айтып, ийгиликтер гана эмес, кыйынчылыктар да болорун эскертти. (ZMa)