Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

КСДП Саламаттык сактоо министрлигине талапкер тандады


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Саламаттык сактоо министрлигине кардиолог Талантбек Батыралиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, министрликке бир нече талапкер көрсөтүлгөн. Фракция мүчөлөрү алардын көпчүлүктөрүнүн программасын угуп, соңунда Батыралиевдин талапкерлигине токтолгон:

- Бул адам медицина тармагында алдыңкы тажрыйбага ээ өлкөлөрдө иштептир. Ал тармакта бир катар реформаларды жүргүзүп, абалды оңдоо убадасын берип жатат. Ошондуктан, ушул талапкерге токтолуп жатабыз, - деди Турсунбеков

Фракция лидери жакын арада Батыралиевдин талапкерлигин сунуштайт. Өкмөт башчы буга макулдугун берсе, парламентке сунушталмакчы.

Бирок Социал-демократтар фракциясынын айрым мүчөлөрү мындай чечим тууралуу кабары жок экенин билдиришүүдө. Депутат Эркингүл Иманкожоева фракция Саламаттык сактоо министрлигине талапкерди ушул жума күнү тандайт деп макулдашылганын кабарлашты.

Профессор Талантбек Батыралиев көп жылдан бери Түркияда эмгектенип келет.

Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. Буга чейин бул кызматка алты талапкер тандалып жатканы кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG