Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Сузакта жоголгон малчылар табыла элек


Жалал-Абаддын Сузак районунун Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзали Сариев жана Орипжан Маматалиев 15 күн мурда кыштоого мал айдап кеткен боюнча дале дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин кызматкерлери жана дайынсыз кеткен чабандардын жакындары издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бирок ал иштер жыйынтыксыз болууда. Издөө бүгүн да улантылат.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарындагы тогуз малчы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп каза болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG