Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Ооруканаларды генератор менен камсыз кылуу тапшырылды


Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Элвира Сариева Энергетика жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери менен өткөргөн жыйында берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында Сариева Энергетика министрлигине ооруканаларды жарык менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөдөгү бардык саламаттык сактоо мекемелери генератор менен камсыз болгонун текшерип, буга жоопкерсиз мамиле кылгандарды жазага тартуу тапшырылды.

Буга чейин Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илим изилдөө борборунда бейтаптын жүрөгүнө операция жасоо маалында электр жарыгы өчүп, телефондун жарыгы менен уланганы айтылган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG