Мындай борбор Баткендеги Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарында ачылды. Ал айылдарда милициянын таяныч пункту бир эле учурда жаңжалдарды алдын алуу борборунун да милдетин аткармакчы.
Бул айылдар Тажикстандын Исфара районунун Кожалы, Соманён жана Чорку айылдары менен чектеш жайгашып, тажик-кыргыз жарандарынын ортосундагы чыр-чатактар көп катталат.
Баткен облусу боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган 43 коомдук алдын алуу борбору бар. (JsA)