Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

Ош милициясы жаңжал тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ош облустук милициясы аталган башкармалыктын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков менен Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Марат Орозбаевдин жаңжалы тууралуу маалыматты четке какты.

ОИИБнин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 14-октябрда айрым гезиттер жарыялаган кабар чындыкка дал келбеси, милициянын кадыр-баркын түшүрүү максатын көздөй турганы жазылган.

Буга чейин айрым маалымат сайттары Оштогу "Изюм" ресторанында 6-октябрда Cүйүн Өмүрзаков менен Марат Орозбаевдин ортосунда чыр чыгып, Ош облустук милициясынын бир нече кызматкери Орозбаевди сабап салганын жазып чыккан эле.(BkA)

​
XS
SM
MD
LG