Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Путин менен Порошенко телефондон сүйлөштү


Орус жана украин президенттери Владимир Путин менен Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу, тынчтыкты орнотуу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды. Сүйлөшүү украин президентинин демилгеси менен болгон. Эки президент 16-17-октябрда Миланда өтө турган саммитте газ маселесин талкуулоону макулдашты.

Июнь айында «Газпром» Украинага газ берүүнү токтоткон. Муну расмий Москва Киевдин газга болгон карызы менен байланыштырган.

Газ чатагы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кандуу кагылышуулар уланып жаткан кезге туш келүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG