Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Нарында быйыл сегиз эне төрөттөн каза болду


Нарын облусунда быйылкы жылдын тогуз айында төрөттөн сегиз эне каза болду.

Бул тууралуу облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев кабарлады. Анын айтымында, каза болгондордун бешөө Жумгал районунда катталган. Буга аталган райондогу дарыгерлердин жетишпестиги жана ооруканалардагы тиешелүү шарттын жоктугу себеп болуп жатканын башкы дарыгер моюнуна алды.

Бул окуялар боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, эки дарыгер кызматтан кетип, бир нече медайымга сөгүш берилген.

Энелердин өлүмү Кыргызстанда олутуу маселелердин бири. Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкөдө 61 кош бойлуу эне төрөттөн көз жумган.(BkA)

XS
SM
MD
LG