Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Керри менен Зариф өзөктүк программаны сүйлөшөт


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Венада жолугуп, Тегерандын өзөктүк программасын талкуулайт деп күтүлүүдө. 14-октябрдагы Париждеги сүйлөшүүдөн кийин АКШ мамкатчысы жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров талаштуу атомдук программа боюнча макулдашуу 24-ноябрга чейин жетишилиши ыктымалдыгын айтышкан.

Улуттук телеканалдан сүйлөгөн Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран менен дүйнөлүк державалар 24-ноябрга чейин атомдук программа боюнча мунасага келе алышы мүмкүн деп билдирген. Ал олуттуу пикир келишпестиктерге карабай, Ирандын келишимге жетишүүгө “саясий эрки” бар экенин айткан.

Батыш Тегеран уранды курал жасоо үчүн байытып жатат деп шектенсе, Иран бул дооматты четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG