Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Cот “Жаңы муундун” мүчөлөрүнө акчалай айып пул салды


Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн Бишкектеги нааразылык акция учурунда кармалган “Жаңы муун” кыймылынын беш мүчөсүнө 500 сомдон айып пул салды. Бул тууралуу кармалгандардын бири Адил Турдукулов кабарлады. Анын айтымында, сот аларды милициянын талабын аткарбай, административдик тартип бузган деп тапты.

Турдукулов кошумчалагандай, аларды кармоо маалында милиция күч колдонгон. Бирок ал боюнча медициналык экспертиза болгон жок. Ошондуктан, учурда өздөрү ооруканага экспертиза үчүн барганы жатат.

Бүгүн Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү өлкөдө күйүүчү май жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрмөк. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери аларды күч менен кармап кеткен.

Ал эми Бишкек милициясынан бүгүнкү акцияны өткөрүүгө уруксат алынбаганы жана укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн анын уюштуруучулары милицияга түшүндүрмө берип жатканын кабарлашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG