Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:01

Сауд Арабия: шииттердин лидери өлүм жазасына кесилди

Сауд Арабия соту бийликке каршы жүрүштөрдү колдогону үчүн шииттердин лидери, дин кызматкери, шейх Нимра аль-Нимраны өлүм жазасына кести. Бул тууралуу анын бир тууганы Мухаммед аль-Нимра твиттерге жазды. Анда аль-Нимранын үй-бүлөсү жакын арада бул боюнча кеңири билдирүү таратары айтылган.

Сауд Арабия бийлиги аны 2011-жылы Чыгыш провинциясындагы акцияларда «улуттук биримдикти бөлүп жарууга» катышкан деп айтыптоодо. Серепчилер соттун чечими шиит жактоочуларынын нааразылыгын туудурат, кырдаалды курчутушу мүмкүн дешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG