Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган фонддун жооптуу кызматкерлери көздөй ишканалар менен сүйлөшүп алып, аймактагы мектеп, бала бакча жана ооруканалардын оңдоонун эсебинен өз кызыкчылыгына каражаттарды алып жүргөн. Анын кесепетинде мамлекетке 35 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул иштин алкагында 28 адамга айып тагылды. Аталган иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Жакында сот башталмакчы.(BkA)