Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Баткен: чек арада жаңжалды алдын алуу долбоору башталды


Мындай маалыматты 17-октябрда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунан “Азаттыкка” билдиришти. Аталган фонд Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Баткен облусундагы чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чыр чатактарды ортомчулук аркылуу чечүү үчүн 10 ай иш алып барат. Иш чарада чек арадагы чыңалууну алдын алуу үчүн тараптардын кызматташуусун жакшыртуу, чыр-чатактарды жаратуучу маселелерди алдын алып тийиштүү кызматтарга жеткирүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жакшыртуу жана инфраструктуралык, социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттар да каралган.

Долбоор кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Татыр, Карабак, Самаркандек, Ак-Сай айыл аймактарын камтыйт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын такталбаганынан улам акыркы учурда чек ара жаңжалдары орун алып келет. (JsA).

XS
SM
MD
LG