Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

УОК активисттерге куугунтукту токтотууга чакырды


Улуттук оппозициялык кыймыл “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча билдирүү таратты. Анда шаршембидеги нааразылык акция учурунда кыймылдын беш мүчөсүнүн кармалышын бийликтин саясий куугунтугу деп атаган. Оппозициялык кыймыл жүйөсүндө, бул куугунтуктун артында президент Атамбаев жана ага кошоматчылык кылган укук коргоо органдарынын башчылары турат.

“Мамлектетти башкара албай, социалдык-экономикалык абалдын кескин курчушуна жол берген бийлик аргасыздан авторитардык ыкмаларга өтүп, оппозициялык күчтөргө кысым жасоодон башка арга таппады” деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам Улуттук оппозициялык кыймыл бийликти “Жаңы муун” мүчөлөрүнө куугунтукту токтотууну талап кылган.

Кечээ Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү өлкөдө күйүүчү май жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрмөк. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери кыймылдын беш мүчөсүн кармап, административдик тартип бузганы үчүн 500 сомдон акчалай айыппул салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG