Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Пакистанда 20дан ашуун согушкер жок кылынды


Пакистан армиясы учак чабуулдан “Ислам мамлекети” уюумунун мүчөлөрү делген кеминде 21 согушкер жок кылынганын кабарлады. Чабуул 16-октябрдын таңында Ооганстан менен чектеш Тирах өрөөнүнө жасалды. Мындан согушкерлердин беш баш калкалоо жайы жок кылынды.

Июнь айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан провинциясында согушкерлерге каршы абадан да, жерден да чабуул жасап келет. Жалпысынан миңдей согушкер жок кылынып, жүзгө жакын аскер каза тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG