Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Путин Европа кышында газсыз калышы мүмкүн деп эскертти


Украина Европага кетчү газ куурунан уруксатсыз көгүлтүр отунду ала баштаса, Орусия анын көлөмүн кескин кыскартат. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Сербия өкмөт башчысы Александр Вучич менен жолуккандан кийин Белграддагы маалымат жыйында билдирди. 21-октябрда Европа Биримдигинин ортомчулугу алдында Брюсселде өтө турган газ боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү болоруна ишенерин кошумчалады.

Путин бул билдирүүнү Украин президенти Петро Порошенко менен Миланда жолугаар алдында жасады. 17-октябрда Орусия-Украина президенттери жолугуп, газ маселесин сүйлөшөт.

Июнь айында «Газпром» Украинага газ берүүнү токтоткон. Муну расмий Москва Киевдин газга болгон карызы менен байланыштырган.

Газ чатагы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кандуу кагылышуулар уланып жаткан кезге туш келүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG