Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Кыргызстандык шахматчылар Санкт-Петербургдагы фестивалга катышат


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бүгүн башталчу “М.И.Чигориндин мемориалы” аттуу эл аралык шахмат фестивалына Семетей Төлөгөн тегин баштаган өлкөнүн мыкты шахматисттери катышат.

Семетей Төлөгөн тегин Норвегияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында мыкты он спортчунун катарына кирген. Буга байланыштуу он күн мурда президент Алмазбек Атамбаев Семетей Төлөгөн тегинди кабыл алып, Санкт-Петербургда өтчү таймашка катышуу үчүн каржылык колдоо көрсөтөрүн, ошондой эле кийинки жылы балдардын шахмат турнирин өткөрүү идеясына колдоосун билдирген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG