Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Оторбаев мүлкүн жашырган чиновниктерге эскертүү берди


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бир катар жетекчилерге эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өз мүлкү тууралуу декларация толтурбаган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттук азчылык иштери боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Михаил Халитовго сөгүш берилди. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана анын орун басары Эркин Куйкеев, Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Куанышбек Кенебаев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин төрага орун басары Болот Мотукеев, Жарандык авиация департаментинин башчысы Эркин Исаков, Өрткө каршы кызматтын жетекчиси Нуржан Осмоналиев, Баӊгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрага орун басары Кубанычбек Алымкуловго эскертүү берилди.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жогорку мамлекеттик жана саясий кызматты ээлеген адамдар жыл сайын өзү жана жакындарынын мүлкү тууралуу декларация тапшырышы кажет. Бул иш-чара менен коррупциянын алдын алуу максаты коюлган. Бирок көпчүлүк аткаминерлер декларацияга өз мүлктөрү тууралуу толук маалымат бербейт деп коомчулукта сын айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG