Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Түндүк-түштүк интернет магистралы ишке кирди

Оптика-волокондук магистралдын ачылышына премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты
Оптика-волокондук магистралдын ачылышына премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты

Кыргызстандын түндүк аймагынан түштүк жергесине жер алдынан байланыштырган оптика-волокондук магистралы пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Жалал-Абад облусуна сапар менен барган премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты. Бул магистралдын узундугу 943 чакырымды түзөт. Анын курулушу алты жылга созулду. Бул магистралдын ишке кириши менен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы интернеттин ылдамдыгы 3,5 эсеге тездейт.

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Кадыркуловдун билдиришинче, өлкө боюнча дагы эки миң чакырым оптика-волокондук байланыш түйүнүн куруу планы бар.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG